Биз менен байланышыңыз

«Пандемияда балык экспорту 12%га өстү»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 538 | 0

Пандемия учурунда балыкты экспорттоонун көлөмү 12 пайызга өстү. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлү Мээрим Эркинбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, падемияда азык-түлүктөргө талап күч болду.

Өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспорттоого мүмкүнчүлүгү жогору. Эң башкысы, атаандаштыкка туруштук бере алган продукцияны өндүрүү зарыл.

Экспортту чоң атаандаштык, согуш катары көрүү туура. Анткени сырткы рынокко чыкканда деңгээл сезилет.

«Биздеги төө буурчак, кийим, сүт азыктары, бал, балыкка чет жактан талап күчтүү. Маселен, төө буурчак негизинен Түркияга, бал Кытай, Араб өлкөлөрүнө, сүт азыктары Казакстан менен Орусияга, балык да Орусияга экспорттолот», — дейт Эркинбай.

Ал товарларды экспорттоодо көлөм маселеси көйгөй жаратып келерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM