Биз менен байланышыңыз

«Казакстан Кыргызстанга ыктап жатат»

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанда мамлекеттик сапары менен болду. Нур-Султанга мамлекеттик сапары менен барган Садыр Жапаровду аба майданынан Казакстандын вице-премьер-министри Мухтар Тлеуберди, Энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алды.

Садыр Жапаров мамлекеттин төрт башкы бийлик жетекчилери – президент, эл башы, парламент жетекчиси жана өкмөт башчысы менен жолугушууларды өткөрдү. Алгач Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кызматташтыкты талкуулады.

Казакстандын президенти кызматташуунун ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетин билдирди. Ал кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн президенттери 2-мартта Нур-Султан шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Андагы маанилүү учурга токтолсок:

— Кыргызстан Казакстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги төрагалыгында белгилеген артыкчылыктарды колдойт. Бул контекстте тараптар интеграциянын алкагында, анын ичинде потенциалды толук көлөмдө ачууга, тоскоолдуксуз, чектөөсүз капиталдын, эмгектин, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун ачууга, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык чаралар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, өнөр жай комплекстеринин атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана башка багыттарда бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруунун маанилүү экендигин белгилешти.

Мындан башка соода-экономикалык кызматташуу, өнөр жайдагы, гидроэнергетика, отунэнергетика комплексиндеги, жер казынасын пайдаланууда, айыл чарбасы, кайра иштетүү, логистика, жол-транспорт, банк чөйрөсүндөгү кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган алаканы кеңейтүү зарылдыгын айтышты.

Чек ара кызматташтыгынын потенциалын ачуу максатында тараптар кыргыз-казак аймактар аралык алгачкы форумун өткөрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташты.

Президенттер коңшулук мамилени өнүктүрүүдөгү Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролун, Борбор Азиядагы биримдикке кошкон салымын да белгилешти.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан кийин төмөнкү документтер кабыл алынды:

— «Кыргыз-казак Өмөттөрү ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө» макулдашуу;

— «Улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө» макулдашуу;

— Коргоо министрликтери ортосундагы кызматташтык иш-чаралардын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргызстандын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чаралар планы;

— Тышкы иштер министрликтеринин кызматташтык программасы;

— «Санариптик багыттагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө» меморандум;

— Энергетика жана өнөр жай министрликтеринин «Электр энергиясын алмашуу жөнүндө» протоколу.

Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгалини «Достук» ордени менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынын экинчи күнү Касым-Жомарт Токаев менен «Астана» эл аралык каржы борборуна барып, инвестиция тартуу жөнүндө сүйлөштү.

Эл аралык мамилеге байкоо салгандар учурда дүйнө жүзүндө геосаясат активдүү өзгөрүп жатканын айтышат. Мындай шартта Борбор Азиянын мамлекеттери бири-бири менен мамилесин бекемдөөгө умтулууда. Казакстан да Кыргызстанга ыктап жатканын эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов айтууда. Ал буга төмөнкүдөй себептерди атады:

— Казакстан Кыргызстан менен баарлашууга, алаканы жакшыртууга, тыгыз мамилени өркүндөтүүгө муктаж болуп турат. Себеби учурда геосаясат тездик менен өзгөрүп жатканын алар түшүнүп турат. Анын үстүнө, Казакстанга Орусиядан кысым бар. Жарым жылдан бери алар да экономикалык, геосаясий багытта өз дооматтарын коюп жатат. Ошол үчүн Борбор Азия мамлекеттери чек ара болобу, экономикалык болобу, бардык маселени чечкенге үмүт кылып жатат. Казакстан менен Кыргызстандын мамлекет башчыларынын жолугушууларында өтө маанилүү сүйлөшүүлөр болду. Бул мамлекеттик деңгээлдеги сапар болгондуктан, натыйжасы жакшы десек жаңылышпайбыз. Эки өлкө дүйнөлүк аянттарга чыгарда бир позицияда болорун айтышты. Эки мамлекеттин кызматташпаган тармагы жок. Алар: «Кыргызстан биз үчүн өзгөчө мамлекет» деп айтып жатышат. 

Бирок реалдуулукка кайтсак, кыргыз-казак мамилесинин учурдагы абалы жакшы эмес. Өзгөчө 2017-жылы мамиле солгундап кеткен. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрүнөн улам кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгон. Кийинки президент алаканы оңдоого аракет кылганы менен ортону аралаган «кара мышык» кетпей, «ичтеги муз толук эрий элек».

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов Кыргызстан менен Казакстан атаандаш өлкөгө айланып, «мамлекеттер ортосундагы ишенимге доо кетти» деген пикирде. Бирок ал жаңы президенттин келиши менен мамиле өзгөрүшүнөн үмүт кылат.

— Биринчи революциядан кийин мамилебиз солгундады. Айрыкча, казак тарапта, бизде деле койнубузда котур таш калып калды. Ошол үчүн арабызда ишенбөөчүлүк пайда болду. Биз эчак эле өнөктөш өлкөлөрдөн атаандаш өлкөлөргө айланып калганбыз. Мисалы, казак тарап бизге чектөө киргизип, чек арадан жүк ташуучу унааларыбызды өткөрбөй, жадагалса, элди кыйноо менен өткөрүп келген. Кыргыз тарап баарын жакшы түшүнүп турабыз, жогору жактан тапшырма, буйрук келбесе, мындай көйгөйлөр жаралбайт эле. Кыргызстан менен Казакстандын бардык тармактар боюнча кызматташуу келишимдери бар: түбөлүк достуктан баштап, союздук мамилеге чейин. 

Президент Садыр Жапаров өзү Казакстандын мамлекеттик «Казинформ» маалымат агенттигине маек куруп, эки өлкө ортосунда талаш маселе болбошу керектигин айтты.

Садыр Жапаров кызматка киришкенден кийин Орусияга иш сапар менен барып келди. Андан соң Казакстанга мамлекеттик сапары ишке ашты, эми Өзбекстанга бара турганын айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM