Биз менен байланышыңыз

«Тазалык» кызматкерлеринин маянасы 40%га көтөрүлдү

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 440 | 0

Март айынан тарта Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын кызматкерлеринин маянасы 40%га көтөрүлөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматчысы Жибек Каракеева билдирди.

Анын айтымында, тазалык кызматкерлеринин маянасын көтөрүү маселесин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун жана «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев колдогон. Маянаны көтөрүүдөн сырткары, өз ишин так жана өзгөчө берилүү менен аткарган кызматкерлер үчүн да кошумча сый акы берилип баштайт. Сый акы белгиленген айлык маянанын 30%ын түзмөкчү.

Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципиалдык ишканасы шаардагы таштандыларды чыгаруу, көчөлөрдү тазалоо иштерин жүргүзөт. Алардын маянасы акыркы жолу 2019-жылдын аягында көтөрүлгөн болчу.

Тазалыкты европалыктарга мусулмандар үйрөткөн

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM