Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 17 көчөнүн тротуары оңдолот

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 531 | 0

Бишкекте 17 көчөнүн тротуарын оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясында биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Билдирүүгө ылайык, жыйында «Бишкек жашыл чарба», «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканаларынын 2021-жылга карата иш планы каралды.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Дербишевдин айтымында, бул жылы 9 миң 264 жазы жалбырактуу дарак, 2 миң 622 ийне жалбырактуу дарак жана 3 миң 600 бадал отургузуу пландалган. Ошондой эле иш планда 3 миң 930 даана роза отургузуу каралды. Бул жылы бир жылдык себилген 400 миң даана гүл өнүп калды.

Жакынкы күндөрү күзүндө отургузулган жоогазындар гүлдөйт. Андан соң 1 миллион 500 миң даана бир жылдык гүл отургузулат. 2021-жылы 15 гектар аянтта газон курулат.

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Чолпонбаев 16,5 чакырым узундуктагы 27 кыска көчөнү оңдоп-түзөө пландалып жатканын маалымдады. Мындан тышкары 2020-жылы башталган 2 миң 743 метр узундуктагы 9 көчөнү ондоо иштери аягына чыгат.

«Алдыңкы приоритетте тротуарлардын курулушу турат. Бул жылы 17 көчөдөгү 21 миң метр узундуктагы тротуарларды калыбына келтирүү пландалууда. Ошондой эле Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Жаш гвардия бульварына чейинки, Раззаков көчөсүндө Токтогулдан Түгөлбай Атага чейинки аралыктагы тротуарларды оңдоо иштери аяктайт», — деди Чолпонбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM