Биз менен байланышыңыз

«Олигархиялык капитализмге айланып баратабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2021 | 513 | 0

Соодада да, саясатта да монополиялык шартты бирөөнүн колуна карматпоо керек. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бажы биримдигине кирген соң, соодадагы көп мүмкүнчүлүгүн бир тарапка карматып салды.

Жөнөкөй сооданын ортоңку, кичи деңгээлинде кыргыз ишкерлери эркин соода жүргүзө албай келет. Өзгөчө мамлекеттик органдардын чечимине келгенде, алар көбүнчө Орусиянын үстөмдүгүнө баш ийип калган.

«Биз монополияга көп алдыра баштадык. Анткени рынок экономикасы жана демократия — ачыктык, тең салмактуулук жана башкалардын да эркин мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачуу. «Биздин элге демократияңардын кереги жок» деп, аны менен бирге ачык рынок экономикасы буулуп, көбүнчө олигархиялык капитализмге айланып баратабыз», — дейт Үмөталиев.

Ал эксперттердин пикирине таянып, Орусияда жөнөкөй элдин мүмкүнчүлүктөрү чектелип, бийликке жакын адамдар саясаттын күчү менен экономиканы менчиктештирип алганын белгиледи. Кыргызстан да Орусияга ыктап, алардын мыйзамдарын көчүрө берсе, өлкөдө да Орусиядагыдай абал жараларын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM