Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: 45 мандат үчүн 2012 талапкер ат салышат

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 756 | 0

Шардык кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн талапкер көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалым болгондой, 28 шаардык кеңешке жалпы 59 партиядан талапкер көрсөтүлгөн. Эң көп Бишкек шаардык кеңешине 27 партия талапкер көрсөтсө, эң аз Көк-Жаңгак шаардык кеңешине 3 партия талапкер көрсөткөн.

Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринде 45тен, ал эми калган шаардык кеңештерде 31ден мандаттык орун бар.

Шаардык кеңеш Партиялардын саны Талапкерлердин саны Эркек талапкер Аял талапкер
1 Бишкек 27 2012 1184 828
2 Ош 10 852 536 316
3 Баткен 10 483 318 165
4 Кызыл-Кыя 12 627 375 252
5 Исфана 9 467 288 179
6 Сүлүктү 8 416 269 147
7 Кадамжай 11 385 236 149
8 Айдаркен 8 282 180 102
9 Жалал-Абад 5 306 201 105
10 Кербен 5 246 165 81
11 Көк-Жаңгак 3 102 66 36
12 Майлы-Суу 5 321 210 111
13 Кочкор-Ата 5 192 128 64
14 Кара-Көл 7 350 231 119
15 Базар-Коргон 5 267 179 88
16 Чолпон-Ата 7 235 143 92
17 Каракол 18 865 499 366
18 Балыкчы 14 713 430 283
19 Нарын 9 444 276 168
20 Ноокат 5 187 108 79
21 Өзгөн 8 427 288 139
22 Талас 11 569 329 240
23 Кемин 9 322 194 128
24 Орловка 5 181 108 73
25 Шопоков 7 222 124 98
26 Кайыңды 6 205 122 83
27 Кант 10 497 287 210
28 Токмок 5 297 197 100
Жалпы:   12 472 7 671 4 801

Белгилей кетсек, райондук жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкер көрсөтүү мөөнөтү 10-мартта аяктайт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү 11-апрелге белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM