Биз менен байланышыңыз

«Пандемия өлкөлөрдүн экономиканы башкаруудагы ири көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2021 | 428 | 0

Пандемия мамлекеттердин улуттук экономиканы башкаруудагы ири көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Аюпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавируска каршы туруу үчүн ири каражаттарды табыш керек болчу. Илдет менен күрөштө экономикалык жана социалдык ири каражаттар жумшалды. Пандемиянын жайылуусун токтотуу үчүн мамлекеттер вакцина ойлоп табуунун үстүндө иш алып барышты. Саламаттыкты сактоо системасында да көйгөйлөр ортого чыкты.

АШК дүйнөлүк экономикада биринчиликти багындырганы менен көптөгөн жарандарын жоготуп, алсыз  экенин көрсөттү.

Аюпов мамлекеттердин эбегейсиз чон суммадагы акча каражатын колдонуп, калкын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүсүн колдойт. Анткени, дени сак жаран баарынан маанилүү.

Мындан тышкары, пандемиядан бизнестин бардык түрү жабыр тартканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM