Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында референдумду жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен чогуу өткөрүүнү сунуштады.
«Жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелге белгиленген. Бюджеттин чектелүү экендигин эске алып, референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун бирге өткөрүү сунушталат», — деди Турусбеков.
Кошумчалай кетсек, Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште болот. 61 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады. Шайлоолорго бардыгы 61 партия катышат.