Биз менен байланышыңыз

«Тышкы карызды төлөөгө мүмкүнчүлүк бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Мар 2021 | 578 | 0

Тышкы карызды төлөөгө өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, карыздарды төлөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Карызды кыскартуу, тагыраагы, экологиялык долбоорлорго алмаштыруу маселеси талкууланып жатат.

Инвестиция тартып келүү, тартылган каражаттардын таасирин күчөтүүгө байланыштуу долбоор каралган.

Инвестиция тартуу иштери улантылат, анткени ал — экономиканын керектүү шарттарынын бири. Ансыз өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM