Биз менен байланышыңыз

«Расмий документтердин электрондук версиясы чыгат»

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 478 | 0

Кыргызстанда биринчи жолу расмий документтердин электрондук версиясы чыгат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өкмөттүн 100 күндүк планында электрондук айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражатынын күбөлүгүн киргизүү, ага кошумча мигранттарды колдоо каралды. Мигранттар үчүн консулдук кызматтардын баалары 10-30%га чейин арзандатылат.

Калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталына кошумча кызматтарды камтуу каралды. Кызматтардын саны 100 күндө 120га чейин көбөйтүлөт.

Коомдун аялуу катмарына паспортторду акысыз берүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM