Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды (фото)

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 808 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Нур-Султан шаарына мамлекеттик визит менен барды.

Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Жапаровду Казакстандын вице-премьер-министри — Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алды.

Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM