Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 57 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 587 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 57 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 24, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда бир кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 59 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте коронавирустан – 17, Ош облусунда – 7, Чүй облусунда – 23, Ош шаарында — 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда — 5 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 280 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде стационардан 1, үй карантининен 3 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 183 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 269 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 467 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM