Президент Садыр Жапаров Казакстандын басылмасына берген маегинде парламенттик шайлоо ушул жылдын күз мезгилинде болорун айтты. Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин парламенттик кайра шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген эле. Бирок, Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам кабыл алып, парламенттик шайлоо ушул жылдын 1-июнуна чейин белгилене турган болгон. Мыйзам негизинде парламенттик шайлоо кандай тартипте өтүшү керек? Алдыда кененирээк токтолобуз.
Президент Садыр Жапаров буга чейин дагы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча бир нече жолу пикирин билдирген: алгач азыркы парламенттин депутаттары мартта кетет десе, кийинчерээк июнда кете турганын айткан. Жапаровдун акыркы билдирүүсүнө ылайык, парламенттик шайлоо күзгө жылары болжолдонууда.
«Биз учурда өлкөдө акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту орнотуу менен алекпиз. Албетте, мунун баарын жасоого бир жыл аздык кылат. Жок дегенде 2-3 жыл керектелет. Таза шайлоо өткөрөлү деп, мына таза шайлоо өткөрдүк. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, аны да таза өткөзөбүз. Андан кийин күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Муну да таза өткөзөбүз», — деди өлкө башчы.
Ошондой эле Садыр Жапаров парламенттик шайлоодон мурун референдум өтүшү керектигин белгилеп, жаңы Башмыйзам бардык жарандар үчүн мыйзамдуулукту орноторун айтып өткөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин парламенттик кайра шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген эле. Бирок, Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам кабыл алып, VI чакырылыш өз мөөнөтүн 1-июнга чейин узарткан. Эгерде жогорудагы мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөсө, конституциялык мыйзамды кайрадан кабыл алуу керектигин юрист Таттыбүбү Эргешбаева билдирди.
Анын пикиринде, бүгүнкү күндө бийлик кылып жаткан жол мыйзамсыз жана анын президент катары парламенттик шайлоону дайындоого укугу жок.
«Бүгүнкү күндө мыйзамдык демилге, мыйзамды кабыл алуу бир гана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирет. Президенттин мындай ыйгарым укугу жок. Ошондуктан Садыр Жапаровдун президенттик постто туруп айткан сөзү — мыйзамсыз кадам».
Парламенттик шайлоо мыйзам боюнча 1-июнга чейин дайындалышы керектигин, ага ылайык кеминде август айында өтүшү зарылдыгын саясат талдоочу Эмил Жороев билдирди. Анын айтымында, президент өзүнүн ирети, эрежеси, процедуралары болгон маселелерди бир сөзү менен чечип, өзүнүн демилгесин таңуулагандай ой калтырууда. Муну менен буга чейин болуп келе жаткан мыйзам бузууларды, мыйзамдык эрежелерди сактабоо дагы да уланып кетчүдөй түр көрсөтүп жатат.
«Менимче, бул акыркы айларда болуп келе жаткан тенденциялардын бир бөлүгү болуп жатат. Садыр Жапаров президент болгонго чейин да, президент болгондон кийин да ого бетер, өзүнүн эрежеси, процедуралары бар болгон маселелерди бир сөзү менен чечип, өзүнүн демилгесин таңуулагандай ой калтырып жатат. Ошол эле нукта жакында эле «жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге референдум да болот» деп айткан болчу. Аны эч ким дайындай да элек. Референдумга Конституциянын долбоору деле даяр боло элек, күмөн болуп, убакыт деле жетишпей турат. Бирок ага карабастан жергиликтүү шайлоого кошо өткөрөбүз деген ой калтырып жатат. Ошол сыяктуу эле парламенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындоодо ар кандай эрежелер бар. Андан сырткары парламент өзү кабыл алган мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо 1-июнга чейин дайындалышы керек. Ал деген эгер шайлоо 1-июнда дайындалса, анда кеминде парламенттик шайлоо август айында өтүшү керек. Андыктан бул туура эмес».
Эгерде 11-апрелде жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бирге референдум өткөрүлсө, анда айдын аягында референдумдун расмий жыйынтыктары чыгып, эл макул болсо, Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө кирет. Референдумдун жыйынтыгы менен президенттик башкарууга өткөндөн кийин, жаңы Конституциянын маңызына жараша шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Парламент буга чейин кабыл алган парламенттик шайлоону токтотуп туруу боюнча мыйзамга ылайык, бардык реформа 1-июнга чейин бүтүшү керек. Бул мыйзамдын талабы жана аны бардык күчтөр: президент, парламент жана саясий күчтөр да сакташы керек, ага ылайык президент 1-июнга чейин парламенттик шайлоону дайындоо боюнча жарлыгын жарыялашы шарт. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.
«Мен ойлойм, 1-июнга чейин бардык шайлоо мыйзамдары кабыл алынып, 1-июнь күнү президент парламенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындашы керек. Азыр президенттик башкарууга өткөндөн кийин, бул укук президенттин колунда. Ошондо июнда президенттин жарлыгы чыгып дайындалса, шайлоо күнү сентябрга барып калат. Анткени, парламенттик шайлоону 60 күндөн жогору күнгө коюшу керек. Парламентке катыша турган бардык тараптар даярдык көрүп, тең шартта, атаандаштыкта барышы керек. Анан бул парламентти кайрадан шайлоо эмес, жаңы шайлоо болуп калат. Эгерде кайрадан шайлоо өткөрүү керек болсо, азыркы мыйзам боюнча ошол эле партиялар катышышы керек. Мыйзам боюнча БШК октябрда өткөн шайлоодо анын жыйынтыгын жокко чыгарган партиялардын атын атап, баа бериши керек болчу. БШК ошол партияларды жактап турганы үчүн жыйынтыгы жокко чыкты, ошол пикиринен кайтпай, күнөөлүү партияларды атаган жок. Эгерде кайрадан парламенттик шайлоону өткөрүү маселеси көтөрүлсө, анда ошол эле партиялар катышат. Бирок жаңы Башмыйзам кабыл алынып жаткандан кийин, элдин президенттик башкарууну тандоосу, парламентти түзүү процедурасы өзгөрүп жаткандан кийин жаңы парламенттик шайлоо болуп калат».
Ал эми саясат талдоочу Алмаз Тажыбай парламенттик шайлоонун күзгө жылдырылышын акчага байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, шайлоого миллиондогон каражат сарпталат. Ошол эле учурда жаз башында салыктар чогулбай, күзүндө чогулат.
«Бизде болсо жазында салыктар анча чогулбайт, күздө болсо жакшы чогулат. Ошондуктан резервге кичине убакыт керек, ошол эле учурда техникалык жактан. Кандайдыр бир саясатка аралаштырбоо керек. Азыр эми жергиликтүү шайлоо өтөт, алардын да даярдыгына, ресурстарды топтоосуна убакыт керек. Эгерде парламенттик шайлоо декабрда өз убагында өткөрүлсө, анда президенттик шайлоого каражат жок болуп калмак».
2020-жылдын 4-октябрь күнү парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо болуп, ага 16 партия катышкан. 5-октябрда Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялар митинг өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Бийлик нааразы тарапты таратуу максатында ок чыгарган, бирок ага карабай митингчилер Ак үйдү басып алган. Ошол эле күнү абактагы бир канча саясатчы, алардын катарында Садыр Жапаров да камактан чыккан. Башаламандыкты токтотуу максатында 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Өлкөдө саясий кризис күч алып, башаламандыкты жоюу, мыйзам талаасына келүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултуу аракеттери көрүлгөн. 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер Садыр Жапаровду кызмат орунга шайлап, бекитүү үчүн президенттин кароосуна жөнөткөн. Өлкөдө башаламандык жана президентке болгон нааразычылык күчөп, ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда отставкага кетерин жарыялаган.