Акимдердин, алардын орун басарларынын кызмат ордуна жарыяланган конкурс боюнча маалыматтык кампаниялар улантылат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, конкурс боюнча атайын брифингдер уюштурулду. Президент, Өкмөт, Кадр кызматы ЖМКларга маалыматтарды жарыялап жатат. Ошол эле учурда социалдык тармактарга да бөлүшүлүүдө.
Мындан тышкары бардык облустарда семинарлар өткөрүлөт. Жеке менчик жана мамлекеттик телеканалдар аркылуу да конкурс аяктаганга чейин күн сайын маалымат берилип турат.
«Конкурс өтүп жатканда да кабар берип турабыз. Тагыраагы, конкурстун жүрүшү онлайн түрдө элге жеткирилет», — дейт Маматалиев.
Ал белгилегендей, аким жана алардын орун басарларын тандоодо экономикалык билимине да артыкчылык берилет.