Биз менен байланышыңыз

Бир суткада коронавирустан эки адам каза болду

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 767 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 22 адамдан табылып, 31 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 9, Чүй облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 2, Талас облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 31 адам коронавирустан айыгып, Бишкекте 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуккан учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 179 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 251 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 210 киши айыгып чыкса, 1 миң 466 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM