Биз менен байланышыңыз

Кумшекердин баасы бир жылда 19 сомго чейин кымбаттады

Кыска кабар , Экономика | 28 Фев 2021 | 1028 | 0

Кыргызстанда кумшекердин баасы былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалымата билдиргендей, Статком өлкөнүн 18 калктуу конушуна жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 25-февралга карата кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт.

Ошол эле учурда кумшекердин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп, бир килограммы Жалал-Абад шаарында 64,33, Ошто 64,27 жана Исфанада 63,65 сомдон сатылууда. Ал эми Ноокат шаарында 50 жана Өзгөндө 46,82 сомдон сатылып, орточо көрсөткүчтөн төмөн болгон.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM