Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга барат

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 646 | 0

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга барат. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы тастыктады.

Өлкө башчынын сапарынын макамы азырынча тактала элек. Учурда даярдыктар көрүлүп жатканы, бул боюнча кошумча маалымат берилери кабарланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду президенттик кызматка шайланышы менен куттуктап, өз өлкөсүнө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Буга чейин Садыр Жапаровдун Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине расмий сапар менен барары кабарланган. Ошондой эле бүгүн, 27-февралда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Шавкат Мирзиёевдин «Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы эл аралык конференцияга чакыруусун тапшырган.

Өлкө башчысы 24-25-февралда Орусия өлкөсүнө расмий сапар менен барып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM