Биз менен байланышыңыз

Испаниянын мурдагы падышасы салыгын төлөө үчүн тааныштарынан карыз алды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 968 | 0

Испаниянын 2014-жылы тагынан түшкөн падышасы Хуан Карлос I 4,4 млн евро салыгын төлөө үчүн достору менен ишкерлерден карыз алганын «El Pais» басылмасы жазды.

Маалыматта айтылгандай, мурунку падышанын тааныштары аны менен насыя келишимин түзүштү. Хуан Карлоско жардам берүү үчүн ушул жол тандалган, анткени акча бергенде 40 пайызга чейин салык салынышы мүмкүн эле.

Карлоско жардам берүүнү каалагандардын тизмесинде 30дан ашуун адам бар болчу, акырында 10 адам калды. Ардактуу падышага карызга акча бергендер атын атагысы келген жок.

Жума күнү мурунку мамлекет башчынын адвокаты Хуан Карлос Iнин 4,4 миллион евро салык карызы бар экендигин ырастады.

«El Pais» гезити билдиргендей, кеп жалпы суммасы 8 миллион евродон ашкан декларацияланбаган киреше жөнүндө болуп жатат.

Өткөн жылдын август айында 1975-жылдан 2014-жылга чейин мамлекетти башкарган 83 жаштагы Хуан Карлос Iнин уулу Филипп VI падышага өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандыгын айткан. Маалыматка ылайык, ал БАЭде болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM