Биз менен байланышыңыз

Швейцарияда COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин 16 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 711 | 0

Швейцарияда коронавируска каршы эмдөө жүргөндөн кийин 16 адам каза тапты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн «Swissmedic» Дары-дармекти көзөмөлдөө уюму билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

«Эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин ар кайсы убакта 16 адам каза тапканы катталды. Алардын улуусу 86 жашта болгон. Каза тапкандардын буга чейин оор дартка чалдыкканы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, эмдөө учурунда 353 терс таасир байкалган. Анын 199у «Pfizer» вакцинасын, 154ү «Moderna» вакцинасын алуу учурунда катталган. Мунун ичинен 95и олуттуу терс таасирге, 4ү анафилактикалык коркунучтуу таасирге кабылган, 16 адам көз жумган.

Белгилей кетсек, Швейцарияда калкты жапырт эмдөө 2020-жылдын декабрь айында башталган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналарын каттаган. Акыркы маалыматтарда бул өлкөдө 500 миңден ашуун адам эмдөө алганы белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM