Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын 5 балбаны Украинадагы мелдеште финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 27 Фев 2021 | 721 | 0

Кыргызстандын беш балбаны Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясы маалымдады.

Эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев азербайжандык Али Рахимзаде менен финалда күрөшөт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 59 килограмм салмакта Назира Марсбек кызы финалда украиналык Екатерина Зеленых менен, 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова канадалык Оливье Ди Бакко менен, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы эстониялык Майе Энн менен финалда беттешет.

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта Үзүр Жузупбеков грузиялык Георгий Мелия менен алтын үчүн таймашат.

Финалдык беттештер бүгүн, 27-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталары кабарланды.

Ошондой эле бүгүн Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудовдун беттештери башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM