Биз менен байланышыңыз

Абайлаңыз! ИИМ Орусияда жүргөн мекендештерди эскертти

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 531 | 0

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, акыркы күндөрү Орусиянын аймагында мекендештер «курьер» кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда.

Ошондуктан төмөндөгүлөргө көңүл буруу сунушталат.

Мыйзамсыз буюмдарды ташуу — буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда, жашыруун жайларга коюп кетүү.

Ал эми расмий курьерлик кызмат — жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү.

«Бирок тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп, мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат. Курьерлик кызматка жамынып, баңгизатын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандар! Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып, «Мени кармаса, курьермин деп кутулам, же мени эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе, кайра аткарсам болот», — деген кыска түшүнүктөн алыс болушу керек! Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт», — деп айтылат маалыматта.

Баңгизатын ташуу менен алектенгендер үчүн Орусиянын мыйзамдарынын негизинде 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM