Биз менен байланышыңыз

Жолдошева: Парламенттик шайлоого барам

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2021 | 883 | 0

Экс-депутат, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары катышат, азырынча кайсы партия менен барары белгисиз. Бул тууралуу Жолдошева өзү «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал жергиликтүү кеңештин шайлоосунда талапкерлигин койбой турганын айтты.

«Мекенчил» саясий партиясындагылар өздөрүн колдонулуп, ташталып калгандай сезишүүдө. Андай ойдон алыс болгула. Негизги максат Садыр Жапаров эркиндикке чыгышы керек эле, муну аткардык. Экинчиден, жаштарга, саясатчыларга айтарым, сени бирөө колдонуп калбашы үчүн эч качан өз принцибиңден кайтпагын. Ошондо гана сени эч ким колдонбойт жана капа да кылбайт. Мен «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрүнөн, талапкерлерден кечирим сурайм. Бул да өтөт. Силер сынбагыла, жашсыңар, алдыга жылгыла», — дейт Жолдошева.

Анын айтымында, «Мекенчил» партиясынан чыккан 138 талапкер — жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан, билимдүү кыз-жигиттер. Аларды жумуш орду менен камсыз кылып же парламенттик шайлоого аттана турган партиялардын тизмесине кошуу зарыл.

Жолдошева учурда эс бир саясий партиянын курамында эмес экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM