Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Агартуу министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 555 | 0

Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов март айында иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Кечээ, 26-февралда Алмазбек Бейшеналиев Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов менен видео жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңири талкуулашты.

Бейшеналиев билим берүү жаатында кыргыз-орус мамилелери тез өнүгүп жатканын белгилеп, Орусиянын Агартуу министрин өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды.

Кравцов сунушту кубануу менен кабыл алганын маалымдап, март айында Кыргызстанга барып кетүүгө убада берди.

Белгилей кетсек, бул эки өлкөнүн Президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча алгачкы сапарлардын бири болуп, билим берүү жана илим жаатында тыгыз кызматташууну улантууга болгон бекем ниеттин көрсөткүчү болмокчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM