Биз менен байланышыңыз

АКШ Сауд Аравиясына курал сатууну чектеши мүмкүн 

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 407 | 0

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Араб коалициясынын Йемендеги согуштук операцияларды колдоону токтотуу чечиминен улам Сауд Аравиясына коргонуу куралдарынан башка курал сатпашы мүмкүн. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди.

Агенттиктин айтымында, учурда кандай курал-жарактар ​​коргонуу куралына кирери каралууда.

«Биз Сауд Аравияга өз аймагын жана элин коргоо үчүн бардык нерсени камсыз кылууга аракет кылып жатканыбыз менен, Йемендеги чыр-чатактын токтошун күтүп жатабыз», — деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Байден 4-февралда Вашингтон Араб коалициясынын Йемендеги аскердик операцияларын колдоону токтотот деп билдирди.

Ошол эле учурда ал Сауд Аравиясы «Иран колдогон күчтөрдүн» ракеталык чабуулдарына туш болуп жаткандыгын жана Америка Кошмо Штаттары «эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана элин коргоого» жардам берерин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM