Биз менен байланышыңыз

Лавров: АКШ Сирияга сокку урарын Орусияга эскерткен

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 366 | 0

Америка Кошмо Штаттары Сирияга сокку уруудан бир нече мүнөт мурун орус армиясына эскертүү берген. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин «ТАСС» агенттиги жазды.

«Биздин аскерлерге төрт-беш мүнөт мурун эскертүү берилген (аба чабуулунан мурун)», — деди Лавров.

Лавров ошондой эле Москва америкалык кесиптештеринен Сирияда туруктуу калуу пландары жөнүндө түздөн-түз сурай тургандыгын айтты.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова АКШнын Сирияга жасаган соккусун сынга алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM