Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте студенттер азык-түлүк жарманкесин өткөрөт

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 805 | 0

Бүгүн, 27-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Султан Ибраимов атындагы колледждин студенттери жана ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан жаңы азыктардын даамын татуу жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентиги кабарлады.

Жарманке саат 11:00дөн 18:00гө чейин уланат.

Иш-чарада ишкерлер, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен студенттердин ортосунда баарлашуу-талкуу уюштурулат.

Жарманке концерттик программа менен коштолот. Пенсиялык күбөлүгү менен келген конокторго арзандатуулар каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM