Биз менен байланышыңыз

Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган акция жыйынтыкталды

Без рубрики | 26 Фев 2021 | 248 | 0

Кыргыз элинин алгачкы агартуучулардын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган бир айлык акция жыйынтыкталды.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2020-жылдын 21-декабрында бир айлык жарыялаган. Кайрылуулардан улам акциянын мөөнөтү 21-февралга чейин узартылган.

Сабаттуулукка багытталган акциянын катышуучулары онлайн жана офлайн түрүндө илимий, интеллектуалдык, маданий ж.б. иш-чараларды өткөрүп, таанытуучу, маалымат берүүчү эмгектерди жасап жана аткарылган иштер социалдык тармактар аркылуу таратылган.

Жалпы 5 миңге чукул ар кандай иштер аткарылган. Атайын комиссия эмгектерди кылдат карап чыгып, жигердүү катышкан жана өзгөчө эмгек жасагандарды аныктады.

Акцияны жыйынтыктоо иш-чарасы 25-февралда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, сыйлыктар тапшырылды.

Улуттук комиссия тарабынан Х. Карасаев тууралуу ар тараптуу маалыматтар жана «Накыл сөздөр», «Өздөштүрүлгөн сөздөр» ж.б. китептеринен үзүндүлөр mamtil.kg сайтына жана Улуттук комиссиянын Фейсбук баракчасына жайгаштырылып турду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM