Биз менен байланышыңыз

Кытай лидери өлкөдөгү жакырчылыкты жеңгенин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 653 | 0

Кытайдын лидери Си Цзиньпин өлкө жакырчылыкты толугу менен жеңгенин жарыялады. Бул тууралуу ал Жакырчылык менен күрөшүү боюнча улуттук жылдык жыйында айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан өлкөдө абсолюттук жакырчылык жоюлган.

Си Цзиньпин өз жарандарын биргелешкен аракети үчүн мактап, бул учур Коммунисттик партиянын жүз жылдыгынын астында турган маанилүү жагдай экенин эске салды.

«Коммунисттик партия жакырчылыкты жоюуга багытталган улуттук аракеттин негизинде, акыркы 8 жылда кыштактарда жашаган 99 млн жакырдын турмушу оңолгон. Ошондой эле кедей деп эсептелген 832 уезд жана 128 миң кыштак да кедейлердин тизмесинен чыгарылды», — деди Си Цзиньпин.

Си Цзиньпин бул натыйжаны «тарыхта калууга арзый турган керемет» деп атады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM