Биз менен байланышыңыз

«Реформа» партиялар альянсы талапкерлердин тизмесин бекитти

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 703 | 0

Бүгүн, 25-февралда «Реформа» партиялар альянсынын биринчи курултайы болуп өттү. Ага алдыда боло турган шайлоолорго чогуу баруу үчүн бириккен «Асман Ала-Тоо», «Адилеттүү Кыргызстан», «Реформа» партияларынын өкүлдөрү, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, жарандык активисттер, жаштар кыймылынын лидерлери катышты.

Жыйындын күн тартибинде быйыл 11-апрелде өтө турган Бишкек шаардык Кеңешине шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитүү каралды. «Реформа» партиялар альянсы бул шайлоого «Адилеттүүлүк. Өнүгүү. Үмүт» ураанынын алдында прогрессивдүү күчтөрдүн биримдиги катары бара жатат. 

«Биз өз ишибизди бир күнгө да токтотпойбуз. Шаарды башкарууда прогрессивдүү жана кесипкөй жумушчу күчүнө болгон үмүт биздин колдоочуларыбызды бириктирип, чыныгы өзгөрүүлөрдүн программасын түзүүгө жардам берет. Биздин альянс шаарыбыздын ар бир тургунунун жана ар бир кыргызстандыктын үнүн угуу үчүн түзүлгөн. Бүгүн биз шаарыбыздын бүгүнкү күнүнө жана бүтүндөй өлкөнүн келечегине кайдыгер карабагандардын курултайын өткөрүп жатабыз», — деди «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова. 

Партиялардын лидерлери белгилегендей, күн сайын ондогон жолугушуулар өткөрүлүп, борбор калаанын бардык райондорунан, өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келип түшкөн жүздөгөн кайрылуулар каралып жатат. 

Белгилей кетсек, Эльдар Абакиров «Адилеттүү Кыргызстан», Клара Сооронкулова «Реформа» жана Аймен Касенов «Асман-Ала-Тоо» партияларына лидерлик кылат. Ошондой эле 3 саясатчы тең өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM