Биз менен байланышыңыз

«Сосновка» жана «Арал» өткөрмө бекеттери жабылат

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 531 | 0

25-26-февралда аба ырайы катаал боло турганына байланыштуу Жайыл районундагы «Сосновка» жана Токтогул районундагы «Арал» өткөрмө бекеттери жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Сосновка» жана «Арал» өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилет.

Министрлик элден алыс сапарга чыкпай турууну өтүндү.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолу да аба ырайына байланыштуу жабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM