Биз менен байланышыңыз

БШК жергиликтүү кеңешке талапкерлер үчүн тренинг өткөрүүдө

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 394 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоону ишенимдүү ачык өткөрүү максатында талапкерлерге тренинг баштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Алгачкы тренингдер Талас жана Токмок шаарларында болуп өттү. Анда талапкер болуу ниетин билдирген партиялардын өкүлдөрү шайлоого катышуунун мыйзамдуу негиздери жана алдыда өтө турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

Мындан тышкары талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жоболору, шайлоо кампаниясын каржылоонун жоболору, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү, БШКнын «Электрондук талапкер» ресурсу тууралуу маалыматтар берилди. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүнүн эрежелерине, үгүт өнөктүгү маалында жана шайлоо күнү орун алуу ыктымалы бар талаш-тартыштарды чечүү тартибине, мыйзам бузган учурдагы жоопкерчилик маселесине да токтолуп өтүштү.

БШКнын бул тренинг-өнөктүгү шаардык кеңештердин баарына өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM