Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолу аба ырайына байланыштуу жабылды

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 459 | 0

Бишкек-Ош жолу аба ырайына байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин Жол кайгуул кызматы билдирди.

«Чүй облусунда, айрыкча тоолуу аймакта аба ырайынын начарлашына байланыштуу, Бишкек-Ош жолу күн ачылганга чейин жабык болот», — деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматы зарыл болбосо тоолуу аймактарга сапар албай турууну эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районуна караган аймагында кар көчкү түшкөнүн кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM