Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан акыркы суткада үч адам каза тапты

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 475 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 66 адамдан табылып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 27, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыкса, Бишкекте эки бейтап жана Ысык-Көл облусунда бир адам коронавирустан каза болгон.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 358 бейтап, амбулатордук түрдө 328 адам дарыланууда.

Өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери жалпы 4 миң 203 дарыгер коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 166 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 86 миң 91 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 6 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 463 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM