Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин «жашыруун» хансарайы тууралуу иликтөө чыкты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 3179 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин «жашыруун» делген хансарайы тууралуу «Озодлик» радиосу иликтөө жарыялады. 21 минуталык бул видео 16 саатта 40 миңден ашык көрүүчү топтоду.

Видеодо айтылгандай, Мирзиёевдин хансарайы деп болжолдонгон ири объект Ташкент шаарынан 60 км алыстыктагы Охангарон коругунда жайгашкан. Google картанын жардамы менен тартылган фото жана иллюстрациялык видеодо хансарай бир канча эки кабаттуу имараттан, тик учактар конуучу төрт тилкеден, атайын конок үйү жана жасалма суу сактагычтан турганын көрсө болот. Ошондой эле айланасы темир тосмо менен тосулуп, ал эми тоонун башына чейин сапаттуу асфальт төшөлгөн жана жол катар бир канча өткөрмө бекеттер коюлган.

Өзбек президентинин хансарайы делинген бул объекттин аянты Путиндин Геленжиктеги хансарайы делинген объект менен дээрлик окшош. Ошондой эле анын жанына курулган атайын жасалма көл жана курулуштун жалпы чыгымын эксперттер болжолдуу түрдө 1 млрд долларга жакын деп баалаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM