Биз менен байланышыңыз

Статком: Педагог кесибине суроо талап жогору бойдон калууда

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 562 | 0

2020/2021- окуу жылынын башында республикада 138 орто кесиптик билим берүү мекемеси иш алып барууда. Ал жерде 96 миңге жакын адам билим алат. Алардын ичинен 56%ын кыздар түзөт. Ушул окуу жылдарында орто кесиптик окуу жайларына тапшыргандардын арасында эң популярдуу адистиктер билим берүү тармагында – 26%, саламаттыкты сактоого – 18%, экономика жана менеджмент – 14%, техникалык адаистиктерге – 13%ы  кабыл алынды.

Соңку окуу жылында өлкө боюнча 57 жогорку кесиптик окуу жайлары иштеди. ЖОЖдо 214 миңден ашык адам окуйт. Анда окугандардын жарымынан көбү (52 пайызы) кыздар. Студенттердин арасында көп суроо талап болгон бөлүмдөр:

  • педагогикалык илимдер –24%,
  • гуманитардык жана социалдык адистиги боюнча — 23%;
  • медициалык — 15%;
  • экономикалык – 12%;
  • техникалык адистиктер  боюнча – 11%.

4 жыл мурдагыга салыштырмалуу педагогикалык илимдер адистигине кабыл алынгандардын саны 3,3 эсе, экономикалык 2,7 эсе, медициналык 2,6 эсе, ошондой эле гумманитардык жана социалдык адистиктерине 1,8 эсе өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM