Биз менен байланышыңыз

23-февралга карата 72 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 524 | 0

Кыргызстанда 23-февралга карата COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду, 72 жаңы учур катталды.

Жаңы учурлар катталган аймактар:

Бишкек — 17
Ош — 0
Чүй облусу – 47
Ош облусу — 1
Талас облусу — 0
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу — 2

Ал эми бир сутка ичинде 76 адам коронавирустан айыгып чыккан. Аймактар боюнча алсак:

Бишкек – 33
Ош шаары – 2
Чүй облусу – 26
Ош облусу – 0
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу – 1

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 383 бейтап, амбулатордук түрдө 341 адам дарыланууда. Акыркы сутка ичинде 3105 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 158 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 1 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 879 киши айыгып чыкса, 1 миң 460 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM