Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы «кармап кетүү» саясаты

Коом , Саясат | 22 Фев 2021 | 962 | 0

16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандагы мал базарына барып, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагын көздөй кайтып келатканда, Согди облусунун Кистакуз айылынан Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, аталган 5 жаран жол таппай, чек арадагы мыйзамдуу өткөрмө бекетинен адашып калган.

Кармалган жарандардын биринин иниси, Баткен районунун тургуну Нурзаман Орозовдун айтымында, 5 жарандын ар бирине Тажикстан мыйзамдарына ылайык 300 миң сомдон айып пул салынган. Ал тажик тараптын кыргыз жарандарын минтип кармап, айып пул өндүрүүсүн туура эмес көрөт.

«5 жаран кармалган аймак кыргыз же тажик тарапка таандык экени белгисиз. «Оң жакка кетсең — Тажикстан, сол жакка бассаң — Кыргызстан» деп жазып, же белги коюп коюу керек да. Эки өлкө тең зым тартып же жазуу белгилерин орноткон эмес. Биринчи күнөө кимде экенин аныктоо керек», —  дейт Нурзаман Орозов.

Бүгүн, 22-февралда кармалган жарандардын жакындары Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин кабыл алуусунда болушту. Суваналиев учурда кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн билдирди.

Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен Тажикстандын аймагында кармалган жарандар алардын мыйзамдары боюнча жооп берүүгө туура келерин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган тажик жарандары өлкө мыйзамдарынын чегинде жоопко тартыларын белгиледи.

«Чек араны мыйзамсыз кесип кирген адам былтыр күчүнө кирген беренеге ылайык жоопко тартылат. Анын негизинде 220 миңден 260 миң сомго чейин айып пул салынат. Былтыр, бир жыл ичинде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн факты боюнча тажик жарандары 7 миллион сом айып пулга жыгылган. Мындай мыйзамды Тажикстан да кабыл алган. Эми алар да мындай фактыларды кармайт», — деди Суваналиев.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитовдун айтымында, облусту өзү жетектеп турган 2006-2011-жылдары азыр талаштуу деп аталган көп жерлер Кыргызстанга таандык болуп турган. Ошондой эле көпчүлүк учурларда Баткендеги чек аранын бекем сакталып туруусуна жергиликтүү калктын салымы чоң. Тажик тараптын жергиликтүү элдин арасындагы активдүү адамдарды коркутуп-үркүтүүсүн алардын моралдык духун түшүрүү катары бааласа болот.

«Бул — кошуна өлкөнүн чек арадагы максаттуу жүргүзүлүп жаткан саясаты. Алар бизге салыштырмалуу системдүү иш алып барууда. Чек ара ишинде стратегиясы анык. Баткенде чек ара сызыгы жоктугунан, чекти ары-бери жылдырса болот. Аны жылдырып турууга бир гана жергиликтүү эл тоскоолдук кылып келет. Ошондуктан элдин моралдык духун түшүрүү максатында буга окшогон иштерди жасап турат. Тажик эли, күч түзүмдөрү тарабынан болот», — дейт Айжигитов.

Айжигитов тажик тарап Кыргызстанга соода-экономикалык жактан бир топ көз каранды экенин, андыктан ультиматум коюуга мүмкүнчүлүгү көптүгүн айтат.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагынан Тажикстандын аймагына өтүү үчүн чек арадагы 3  мыйзамдуу өткөрмө бекети бар. Алар: Лейлек районунда Кулунду жана  Кайрагач, Баткен районунда Кызыл-Бел чек ара өткөрүү бекети. Башка  аймактан өтүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, чектеш аймактардагы жарандардын, атайын белгиленген Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, Тажикстандын Исфара-Ворух транзит жолдорунан өтүүсү каралган, бул учурда мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Copyright © 2017 Maral FM