Биз менен байланышыңыз

Бек Борбиев: Матраимовдун артында Жээнбеков, Атамбаев турган

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 6229 | 0

КРнын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев жакында 2 айга камакка алынган мурунку «бажычы» Раимбек Матраимов тууралуу Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

Бек Борбиев Мтраимов негиздеди деген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен саясатка аттанып, кайра тизмеден чийилгени жана бул боюнча досу Раимбек Матраимов менен сүйлөшкөнү тууралуу жазган. Анда ал Матраимов бажы системасындагы схеманы ишке ашырган «менеджер» гана экенин, анын артында мурунку президенттер турганын айткан. Ошондой эле досуна октябрдагы парламенттик шайлоодо мындай тизме менен барса, аягы жаман болорун эскерткенин да кошумчалаган.

Мындан сырткары досунун Кыргызстандан качып кетпегенин анын «күрөш» жарыялаганы деп белгилеп өткөн.

Ырчы Бек Борбиевдин Матраимов тууралуу посту толугу менен төмөндө (текст өзгөртүүсүз берилди):

«Райым досум жонундо унчукпайсын дегендерге..
Досумду Мекеним Кыргызстан партиясынын съездинен бери коро элекмин. Съездден кийин олтуруп суйлоштук. Мен алдынкы 30 талапкердин ичинде болчум, негедир ошол куну чийилип кеттим. Эмнеге деген суроомо, жогорку номер 1 чи адам ошондой чечим кылды деди. Мен ага эмне кылыптырмын деп кулдум, сени «неуправляемый» деген таризде алып салды деп тушундурду. Макул, а эмнеге тиги 20,30 жылдан бери элди жеп келаткандарды кошуп алдын дедим, анткени мурда тизмеде жок эле адамдарды ошол сьезден кордум, болгондо да алар алдынкы тизмеде болуп калыптыр. Аларды дагы номер 1 чи кучко салып бизге кошуп салды деди. А биз бир жыл мурда башкача суйлоштук эле го, таза, эл учун иштейт турган жаш саясатчылардан тузулот, акча бар, эч кимге коз каранды болбойбуз дегенсин. Кана ал создор, айтор досум башка нукка тушуп, жогорку кучтордун кысымында калганын тушундум. Эми ишинер чатак, шайлоонун эртеси куну эл которулот, андан эптеп кутулсанар, жазында чон толкундоо болот, ошого туруштук берээр бекенсинер, не болсо да ийгилик деп кол алышып чыгып кеттим. Мен тээтиги 30 жылдан бери элдин чекесине чыккан чыйкан болуп парламентте олтуруп келаткан адамдар менен бир катарда туруп калбаганым жакшы болду, раазымын дедим. Шайлоого аралашпай Токтогулдун тоолорунда эс алып жатып алдым. Ойлондум, мен Номери 1 ге неуправляемый болуп корунот окшойм, демек бул жакшы, демек коркот экен) Мени башкарып алам деген катаал иш экенин байкаган тура. Бул жаман эмес, ошондуктан ал киши мага Эл артисттик наамга берилген доукменттеримди 4 жолу кайтарып берген турбайбы. Тушунуктуу)
Баса, мурдагы номер 1 чи адам жонундо бир жолу досум айтты эле. Ал мени Райым миллион атка кондуруп, элге коррупциянын символу деп крайний кылууда. А чындыгында мен ылдай жактагы катардагы менеджеримин, жеп келгендер дал ошол оздору. Албетте мен муну азыр дагы кийин дагы далилдей албай калышым мункун, анткени алар акча алган жерлерде кубо эч качан болбойт, бирок акырына чейин курошом, кудайга койдум деп бир улутунган
Мына азыр ошол курошу журуп жатат. Досумдун коп касиеттерине баа бердим. Биринчиси качкан жок! Качуу мункунчулугу шарты болсо дагы, мунусун ак экенимди далилдейм, курошом дегени деп туйдум. Экинчиси «менеджэрлик» учун 2 миллиарддан ашык акча мамлекетке токту. Кана ошол номер 1 чилер 1 тыйын токтубу, жок. Алар 2,3 жыл олтуруп чыгып кетем, акчам озумдо калат деп турмодо. Сапар Исаковду качырып, качпай жооп берип, тергоо менен иштешип жаткан адамды камоо, тан калычтуу мага. Озу биздин бийликке эмне жагат. Качып кеткендер демек туура кылып жатыптыр да, чыгымды толосок деле баарибир камашат деп. Муну менен кийинки кузам дегендерге качууга себеп бердинер окшобойбу
Бир жолу досум Атамбаевге кирип, мени кызматтан алам деп турасыз, билем. Баткен облусуна губернатор кылып жибериниз, 6 завод фабрика курам, бир коп кабаттуу уйлордон турган микрорайон салам. Ар бир ишканада 10,20 минден кем эмес жумушчу оруну болот десе, тиги Райымдан 10 эсе бай адамыбыз коркуп кетиптир. Эмнеге, анткени Баткен онугуп, башка тарап итке минип турса албетте Ашага чон минус, досум герой болуп кетмек
Жакындан кабарым жок, бирок угушума караганда мамлекеттке акча тогуу учун мал жандыктарга чейин саттырыптыр. Негизи акча колдун кири, ден соолук болсун
Озунду кара досум, бул кундор да отот. Алыскы жылуу, дениздин боюнда кайыкта термелип олтурганды тандабай, оз элинди жеринди тандап, акыйкатынды издеп олтурасын, баарына кудай бар
Кечээ митингде, бизди чийип ордубузга алып келген досторун корунгон жок, убактылары болбой калды окшойт…
P. S. Жигиттин башына эмнелер гана келбейт, башты жогору котор, жакшылыктар алдыда досум».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM