Биз менен байланышыңыз

23-февраль кайсы өлкөлөрдө расмий белгиленет?

Блог | 23 Фев 2021 | 2112 | 0

Кыргызстанда 23-февраль календарда кызыл менен белгиленип, «Ата мекенди коргоочулардын күнү» деп жарыяланган.  Бул майрам СССР убагына алгач Кызыл Армиянын туулган күнү, кийинчерээк Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү катары белгиленип келген. Учурда бул майрам кайсы өлкөлөрдө расмий белгиленет?

Орусияда мекенди коргоочулар күнү активдүү белгиленген майрам жана расмий түрдө бекитилген. Ошондой эле бул күн КМШ аймагында Кыргызстан, Беларусия, Тажикстан, Түштүк Осетия жана Тоолуу Карабахта союз мезгилинен бери келе жаткан майрам болуп саналат. Ал эми Украина, Өзбекстан, Латвия, Эстония, Армения, Грузия, Азербайжан өлкөлөрү бул күндү мамлекеттик деңгээлде белгилебейт. Календарда да катардагы иш күнү болуп саналат. Ошол эле учурда бул өлкөлөрдө жашаган орус тилдүү калктын арасында тар чөйрөлөрдө гана белгиленип келет .

Ал эми 23-февраль башка өлкөлөрдө:

  • Брунейде Эгемендик күнү;
  • Гайанеде Республика күнү;
  • Чеченстанда эскерүү жана аза күтүү күнү катары белгиленип келет.

Бүткүл дүйнөлүк эркектердин күнү

Постсоветтик өлкөлөрдө 23-февраль эркектердин майрамы катары калыптанганы менен, дүйнөдө Бүткүл дүйнөлүк эркектердин күнү 2000-жылдан бери белгиленип келет. Тактап айтканда, 2000-жылы ноябрь айынын биринчи ишембиси Эркектердин эл аралык күнү катары белгилене башталган. Бирок бул эч кайсы өлкөдө расмий майрамдардын тизмесине киргизилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM