Биз менен байланышыңыз

Жо Байден COVID-19 эмдөө программасын колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 735 | 0

АКШнын президенти Жо Байден COVAX долбоорун колдоо жана саламаттыкты сактоо боюнча чараларды көрөт. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Байден элдин басымдуу бөлүгүн тезинен эмдөө керектигин, бул чара маанилүү экендиги билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Жо Байден эртең Чоң жетиликте (G7) дүйнө жүзүндөгү калктын аялуу катмарларын коргоо менен америкалыктардын ден соолугун жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды көрүп жаткандыгын жарыя кылат. Ал ошондой эле G7 өнөктөштөрүн бул пандемияга чекит коюу жана кийин кайталанбашын алдын алуу, саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга артыкчылык берүүгө чакырат.

Анын айтымында, эч кайсы өлкө пандемияга каршы жалгыз иш-аракет кыла албай тургандыгы далилденди.

АКШ мындан ары 2021 жана 2022-жылдарга чейин кошумча 2 миллиард доллар бөлүп, COVAXка глобалдык салымдарды кошуу ишинде лидерлигин улантат. Анын алгачкы 500 миллион доллары донордук багытка жумшалып, алгачкы дозалар төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөргө таратууга берилет. Ошондой эле, Байден АКШны G7 жана башка өнөктөштөрү GAVI менен иштөөгө, дүйнөлүк COVID-19 эмдөөсүн колдоо үчүн миллиарддаган ресурстарды алып келүүгө жана тез арада вакцина өндүрүү, жана жеткирүүнү максат кылууга чакырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM