Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Анкарада Манастын айкели орнотулат

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 440 | 0

Түркиянын Кечиөрен районуна орнотуу үчүн Манастын айкели жасала башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан. Кечиөрен муниципалитети айкел тургузула турган жерди даярдап, постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми айкел Бишкекте жасалат.

«Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалын эске алып, элчилик айкелди жасоо максатын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы ишкерлерге, Түркиядагы диаспоранын активдүү өкүлдөрүнө (доктурларга, окумуштууларга, ишкерлерге) жана түрк досторго кайрылган. Кийин Анкарадагы мекендештердин тобу айкелди жасоо үчүн жумшала турган каражатка жардам кылуу демилгесин көтөрүп чыккан. Демилгечилер ушул күнгө чейин эч кандай каражат чогулбагандыгын билдиришти. Ошондой эле бул демилгеге салымын кошуу мекендештер үчүн милдеттүү болбогонун баса белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик демилге көтөргөн диаспоранын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, каражат топтоо демилгесин токтотууну өтүнгөн. Учурда Кыргызстанда жана Түркияда жашаган кыргыз ишкерлер эстелик орнотуу демилгесин колдоп жатат, ошондой эле түрк демөөрчүлөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айкелди жасоо иши башталганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM