Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министри Орусияга барды

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 589 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Орусия өлкөсүнө иш сапар менен барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр Бообек Ажикеев Президент Садыр Жапаровдун жакын арада жасай турган иш сапарынын алкагында, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен маселелерди алдын ала талкуулоо үчүн барган.

Маалым болгондой, эки министр бүгүн жолугуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билим берүү тармактарында кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелерин талкуулашты. Ага ылайык, жакынкы аралыкта кыргызстандык куткаруучулар жана суучулдар үчүн окутуу курстары каралат.

Ажикеев Орусиянын туруктуу колдоосу үчүн жана Кыргызстан элине жиберип турган техникалык-гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Орусиянын министри Евгений Зиничев Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу маселелерди илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM