Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын жыйынтыктады

Кыска кабар , Спорт | 18 Фев 2021 | 816 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны, балбан Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктады. Бул тууралуу ал 17-февралда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионатынын ачылыш аземинде жарыялаганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Балбан өз сөзүндө чебер спортчу болуусуна салымын кошкон бардык тараптарга, адамдарга ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле символикалык түрдө спорттук кийимин грек-рим күрөшү боюнча балбан Нурмухаммед Абдуллаевге тапшырды.

Каныбек Жолчубеков студенттер арасында эки жолку Дүйнө чемпиону, жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM