Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 914 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура Транспорт прокуратурасы менен биргеликте «Манас Менеджмент Компани» Жабык акционердик коомунун жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк компания менен тымызын сүйлөшүп, эл аралык каттамдарда жүк ташуу үчүн мыйзамсыз жеңилдик берип келгени аныкталганын маалымдаган. Мунун кесепетинен «Манас» эл аралык аэропорту 139 млн 598 миң 681 сом кирешеден ажырап калган.

Мындан улам Мурат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-пункту (коррупция) менен иш козголду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM