Биз менен байланышыңыз

Абакиров, Сооронкулова, Касенов биригип, шаардык кеңешке аттанышты

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 488 | 0

Бүгүн, 18-февралда саясатчылар Эльдар Абакиров, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого катышуу үчүн бир партияга бириккенин жарыя кылышты.

Шайлоого кайсы партиянын атынан катышуу үчүн чүчүкулак тартылып, анда «Реформа» партиясы тандалды. Партия лидерлери кол койгон меморандумга ылайык, алар Бишкектен башка аймактарда болуучу шайлоодо да бири-бирине көмөк көрсөтүшөт.

Биригүү чечими Бишкек шаарын Кыргызстандын саясий, экономикалык жана маданий турмушунун борбору катары прогрессивдүү өнүгүүсүнө жетиштирүү максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Эльдар Абакиров «Адилеттүү Кыргызстан», Клара Сооронкулова «Реформа» жана Аймен Касенов «Асман-Ала-Тоо» партияларына лидерлик кылат. Ошондой эле 3 саясатчы тең өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM