Биз менен байланышыңыз

Сейсембаев: Сот системасы көз карандысыз болмоюнча, инвестиция келбейт

Кыска кабар , Экономика | 18 Фев 2021 | 1194 | 0
Бишкекке келген казакстандык миллиардер Маргулан Сейсембаев Кыргызстанда сот системасы көз карандысыз болмоюнча, инвестициянын келиши кыйын экенин айтты.

Бүгүн, 18-февралда казакстандык миллиардер, «Жөнөкөй чечимдер» кеңсесинин негиздөөчүсү, коомдук ишмер Маргулан Сейсембаев Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен баарлашуу өткөрдү.

Ал Кыргызстанга 16-февралда келген. Парламент депутаттары менен жолугуп, реформа жүргүзүү тууралуу ойлору менен бөлүшкөн. Ошондой эле блогерлер менен да жолугушту.

Сейсембаев Кыргызстанда кайсы тармактарга реформа жасалышы керектигин жана анын жемиши качан байкаларын айтып берди. Анын пикиринде, мамлекет — эң жөндөмсүз уюм, ал эч нерсе өндүрбөйт, бирок ишкердик үчүн чөйрөнү, шарттарды түзүп бериши керек.

— Менин оюмча, көз карандысыз сот системасын орнотуу жакшы темп менен жасалса, бир жарым жыл убакыт кетет. Бирок ал дароо эле идеалдуу болуп көрүнбөйт, башында кандайдыр бир кемчиликтер болбой койбойт, иштин 80 пайыздайы жүзөгө ашса, калганын кийинчерээк толуктаса болот. Мындан тышкары, укук коргоо органдарына, бажы, салык тармагындагы реформалардын жемиши дароо көрүнөт, бюджетке дароо пайда түшөт.

Ал эми Кыргызстанга инвестиция тартуу же аны көбөйтүү үчүн көз карандысыз сот системасын киргизүү керек. Бул багыттагы реформанын жыйынтыгы бир жыл ичинде сезилет. Кыргызстанга кызыккан инвесторлор көбөйгөнүн, жашоо жакшырганын сезесиңер. Бул жергиликтүү бизнесмендерге да жакшы, анткени кыргыз компанияларынын капитализациясы дароо өсөт. Көз карандысыз сот системасы бар мамлекетте иш жүргүзгөн компаниянын кирешеси эң аз дегенде эки эсе өсөт. Мен ишенем, Кыргызстанда сот реформасы аякташы менен бир жыл ичинде инвестициянын көлөмү көбөйүп, бюджетке акча түшө баштайт.

Бардык тармактагы реформаларды жасаса, 3 жыл ичинде ар бир кыргызстандык анын жемишин сезет.

Реформа жасаганда ар бир тармакты өз-өзүнчө бөлүп, өзүнчө жасоо туура эмес. Реформа бир убакытта, бардык тармакта жасалышы керек. Мамлекеттик система кан тамырлары сыяктуу: бир жагын бассаң, экинчи жагы көөп чыгат. Башкача айтканда, коррупцияны бардык тармактан бир учурда жоюу керек.

Мисалы, Михаил Саакашвили Одессанын бажысын коррупциядан толук арылтып, ал жактан бардык укук коргоо органдарын алган. Бажы кызматы идеалдуу болуп калган. Бирок бул эмнеге алып келди? Бардык аткезчилер башка укук коргоо органдарына өтүп кетти, алардын бажыдан түшкөн кирешеси азайды. Ал эми эл: «Саакашвили эч нерсе жасай алган жок, бажыдан түшкөн киреше азайды», — деп негатив ойлорду айтышкан. Ошондуктан реформаны дароо бардык тармакта жасоо керек.

Казакстандык ишкер Маргулан Сейсембаев журналисттер менен ой бөлүшүп жатып, Украинада ачылган «Жөнөкөй чечимдер» кеңсесинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, анын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу сыяктуу максаттар менен келгенин айтты.

Ал кыргыз бийлигине реформа жүргүзүүдө кеңеш берип, бизнесмендер менен таанышып жүрөт.

Сейсембаев Украинанын борбору Киевде туруктуу жашайт жана Грузиянын экс-президенти, Украинанын Улуттук реформа комитетинин башчысы Михаил Саакашвили менен дос. Алар биргеликте Бишкекте «Жөнөкөй чечимдер» кеңсесинин филиалын ачышты.

Маргулан Сейсембаев ийгиликке жетүү үчүн төрт нерсе маанилүү экенин айтты:

-тынымсыз аракет;

-жагымдуу чөйрө;

-эффективдүүлүк;

-ийгилик.

«Аракетти эч качан токтотпоо керек. Жыгылып калуудан, банкрот болуудан коркпоңуз. Ката кетирбеген адам болбойт. Кыргызстан сизге жакпаса, Америкага кетип калыңыз. Бирок бул жерде да өзүңүзгө жагымдуу чөйрө түзүп алсаңыз болот. Сизди артка тарткан адамдар менен мамилени үзүү керек.

Күнүмдүк жашооңуздагы чөйрө да өнүгүүңүзгө багытталсын. Социалдык тармактарда сиз суктанып, үлгү ала турган адамдарды калтырып, калганын өчүрүңүз, пайдасыз аккаунттарга жазылбаңыз. Күнүмдүк жашооңуздагы бир күн да жөнөкөй күн катары өтпөшү керек».

Маргулан Сейсембаев 2020-жылдын декабрь айында «Forbes Kazakhstanдын» версиясы боюнча эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесинде 21-орунду ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM