Биз менен байланышыңыз

Франция коронавирусту жок кыла турган беткап ойлоп тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 340 | 0

Франциянын «BioSerenity» компаниясы COVID-19 вирусун жок кыла турган беткап ойлоп тапканын жар салды. Бул тууралуу «BFMTV» телеканалы билдирди.

Компаниянын ырасташынча, беткаптын кездемесине циклодекстрин жана төртүнчү аммиак молекулалары колдонулат. Ал төрт катмардан туруп, ар бири антивирустук касиетке ээ. Беткапты 4 саатка чейин колдонсо болот, консервант абадагы вирусту кармап, жок кыла алат.

Компаниянын директору Марк Фруендин айтымында, беткапты бир гана жолу колдонуу керек. Ал өзүн-өзү зыянсыздандыра ала тургандыгы менен айырмаланат.

Коргоочу беткап 16-февралдан тарта 1,49 еврого сатыла баштады. Анын хирургиялык версиясын сертификациялоо жана медициналык адистерге жөнөтүү пландалууда.

Беткапты Лилль университетинин ооруканасынын, Улуттук саламаттыкты сактоо жана медициналык изилдөө институтунун жана Улуттук илимий изилдөө борборунун адистери иштеп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM