Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаардык курулуш департаментинин башчысы кармалды

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 429 | 0

Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы Н.А.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдын январь айында департаменттин комиссиясы шаардын көчөлөрүн оңдоо боюнча тендер өткөргөн. Жеңүүчү деп табылган компания менен департаменттин башчысы жең ичинен келишим түзүп, курулуш материалдарынын баасын алган акчасынан бир топ жогорулатып жаздырган.  Мунун кесепетинен өлкө казынасы 1,6 миллион сомдон ашык зыянга учураган.

Кармалган жаран Жалал-Абад шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM