Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда зомбулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 336 | 0

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк жана башка зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алкагында, Ноокен РИИБи райондук администрация менен бирдикте «Зордук-зомбулуксуз жашоо» аталышындагы тегерек стол өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулук фактыларынын келип чыгуу себептери жана анын алдын алуу жолдору талкууланды.

Ал эми Токтогул РИИБнин кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атуу жумуштарына жигердүү катышып жатат. Ошондой эле район аймагындагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундар менен да жолугушуулар өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо зарылдыгы айтылууда.

Милиция кызматкерлери окуучуларды кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM