Биз менен байланышыңыз

Январда ынак сүт, ышталган балык, бал арзандаган

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 461 | 0

Үстүбүздөгү жылдын январында 2020-жылдын январына салыштырмалуу жалпы өлкө боюнча азык-түлүктүн жана алкоголсуз суусундуктун баасы 18,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маселен, өсүмдүк майы — 54,6 пайыз, картошка — 46,3 пайыз, жумуртка — 35,4 пайыз, кумшекер — 33,1 пайыз, эт — 27,5 пайыз, ун — 16,5 пайыз, жаңы бышкан мөмө-жемиш — 15,1 пайыз, макарон — 16,6 пайыз, алкоголсуз суусундук — 6,9 пайыз, майлуугу 2,5 — 3,2 % пастеризацияланган сүт — 5,5 пайыз, нан — 5,2 пайыз, балык — 3,3 пайыз кымбаттаган.

Ошол эле учурда таруу — 5,4 пайыз, тооктун сан эти — 1,9 пайыз, бисквит торту — 0,1 пайыз арзандаган.

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу, тактап айтканда, бир айдын ичинде тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,7
пайызга жогорулаган:

Уйдун боору — 9,3 пайыз, картошка — 4,6 пайыз, койдун эти — 4,0 пайыз, өсүмдүк майы — 3,8 пайыз, сүт азыктары жана сыр — 3,5 пайыз, жумуртка — 11,1 пайыз, тоңдурулган балык — 2,6 пайыз, кофе — 2,3 пайыз, нан — 1,1 пайыз, кумшекер — 0,9 пайыз, таруу — 0,7 пайыз кымбаттады.

Ал эми накта бал — 1,8 пайыз, вафелдик торту — 0,5 пайыз, ышталган балык — 0,2 пайыз, куюп сатылуучу сүт — 0,2 пайыз, күрүч — 0,1 пайыз, гречиха акшагы — 0,1 пайыз арзандады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM